Журналисттер союзу
Меню
  • Байланыш
  • Биз жөнүндө
  • Жаңылыктар
  • Журналисттер союзунун мүчөлөрү
  • Иш-чаралар
  • Максатыбыз
  • Мүчөлүккө өтүү
Меню

Студенттер Журналисттер союзунун ишмердүүлүгү менен таанышты

Опубликовано в 4-Декабрь, 20244-Декабрь, 2024 от Журналистер союзу

Бүгүн, 4-декабрда Журналисттер союзунун төрагасы Илязбек Балташев
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетинин студенттери жолугушуу өткөрдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер менен журналистиканын келечеги, маалымат тармагындагы заманбап чакырыктар жана кесиптик жоопкерчилик тууралуу маанилүү маселелер талкууланды.

Төрага өз сөзүндө журналистиканын коомдогу орду жана ролу тууралуу белгилеп, бул кесиптин негизги принциптери – чындык, адилеттүүлүк жана этика тууралуу кеңири айтып берди. Ал ошондой эле, бүгүнкү күндө санариптик журналистиканын мааниси өсүп жатканын, бирок маалыматтын ишенимдүүлүгү жана калыстыгы дайыма биринчи орунда болушу керектигин баса белгиледи.

Студенттер менен болгон маектешүүдө алар өздөрүнүн суроолорун берип, журналистика тармагындагы кыйынчылыктар жана кесиптик ийгиликке жетүү жолдору тууралуу кеңештерди алышты.

Иш-чаранын соңунда төрага студенттерди Журналисттер союзунун ар кандай долбоорлоруна катышууга чакырып, аларга ийгиликтерди каалады.

https://www.facebook.com/share/v/1EunnbjVmq/?mibextid=WC7FNe

Рубрика: Жаңылыктар

Добавить комментарий Отменить ответ

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Актуалдуу

  • Түрк дүйнөсүн бириктирген эң чоң күч — бул тил жана маданият
  • Кыргызстан менен Түркиянын журналисттик уюмдары кызматташуу меморандумуна кол коюшту
  • (без названия)
  • (без названия)
  • Журналисттер союзунун Этикалык Кеңеши түзүлдү.

Соңку комментарии

Нет комментариев для просмотра.

Негизги тема

  • Түрк дүйнөсүн бириктирген эң чоң күч — бул тил жана маданият
  • Кыргызстан менен Түркиянын журналисттик уюмдары кызматташуу меморандумуна кол коюшту
  • (без названия)
  • (без названия)
  • Журналисттер союзунун Этикалык Кеңеши түзүлдү.

Company

  • Иш-чаралар

Links

Support

  • Documentation
  • Forums
  • Language Packs
  • Release Status
© 2026 Журналисттер союзу | На платформе Minimalist Blog Тема WordPress