Алматы шаарында өткөн VI Эл аралык түрк тилдүү журналисттердин медиафоруму түрк дүйнөсүнүн маалыматтык өнүгүүсү үчүн өтө маанилүү аянтча экенин дагы бир жолу тастыктады. Форумга катышуу менен бирге, кыргыз журналистикасынын бүгүнкү абалын, мүмкүнчүлүктөрүн жана келечектеги багыттарын түрк өлкөлөрүнүн медиа өкүлдөрү менен талкуулоо чоң тажрыйба жана жаңы көз караш тартуулады. БИРИГҮҮНҮН ЗАРЫЛДЫГЫ. Түрк тилдүү мамлекеттердин медиасы дүйнөдө…
Рубрика: Жаңылыктар
Кыргызстан менен Түркиянын журналисттик уюмдары кызматташуу меморандумуна кол коюшту
2025-жылдын 10-июлунда Бишкек шаарында Түркия Республикасынын Анталья шаарынын Журналисттер биримдигинин төрагасы Идрис Таш жана Кыргыз Республикасынын Журналисттер союзу коомдук бирикмесинин төрагасы Илязбек Балташев расмий жолугушуунун алкагында кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту. Аталган документ эки өлкөнүн журналисттик уюмдарынын ортосунда өз ара түшүнүшүүнү жана узак мөөнөттүү кызматташууну өркүндөтүүгө багытталган. Меморандумда журналисттер үчүн тажрыйба алмашуу, билим берүү программаларын…
Кыргыз Республикасынын Журналисттер союзу менен Түрк Дүйнөсү Журналисттер Федерациясы кызматташуу меморандумуна кол коюшту 2025-жылдын 21-июнунда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Журналисттер союзунун кеңсесинде маанилүү эл аралык жолугушуу болуп өттү. Анын алкагында Кыргыз Республикасынын Журналисттер союзунун төрагасы Илязбек Балташев жана Түрк Дүйнөсү Журналисттер Федерациясынын төрагасы Мендерес Демир кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшту.Меморандум журналисттер ортосунда…
Кыргызстан менен Түркиянын журналисттери кызматташат Анталья, 2025-жылдын 19-майы Журналисттер союзунун төрагасы Илязбек Балташев Анталья шаарында Түркиянын белгилүү медиа уюму — Антальядагы Журналисттер союзунун төрагасы Идрис Таш мырза менен жолугушту. Жолугушууда эки өлкөнүн журналистика тармагындагы тажрыйбалар, маалымат алмашуу, кесиптик өнүгүү жана медиа кызматташтыгынын мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеңири пикир алмашуу болду. Тараптар келечекте журналисттер арасында тажрыйба алмашуу программаларын…
ТҮРКСОЙ уюму менен Журналисттер союзу кызматташуу меморандумуна кол коюшту
Бүгүн, 25-декабрда ТҮРКСОЙ уюмунун башкы катчысы менен Журналисттер союзунун төрагасы расмий түрдө кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Бул келишим түрк тилдүү мамлекеттердин маданий баалуулуктарын жайылтуу жана бекемдөө, ошондой эле жалпы маалымат каражаттары аркылуу түрк дүйнөсүнүн маданий мурасын даңазалоону көздөйт. Меморандумдун алкагында эки тарап маданий иш-чараларды, форумдарды, көргөзмөлөрдү жана башка демилгелерди биргелешип уюштуруу, ошондой эле журналисттерди…
Кыргыз Республикасынын Журналисттер союзу Журналисттердин Жаштар кеңешин түзөт
Кыргыз Республикасынын Журналисттер союзу жаш журналисттердин демилгелерин колдоо жана кесиптик өнүгүүсүнө шарт түзүү максатында Журналисттердин Жаштар кеңешин түзөрүн жарыялайт. Бул жаңы платформа жаш журналисттердин кызыкчылыктарын коргоо, алардын кесиптик чеберчилигин өркүндөтүү жана медиа тармагындагы активдүүлүгүн арттыруу үчүн иш алып бармакчы. Журналисттердин Жаштар кеңешинин негизги максаттары төмөнкүлөрдү камтыйт: • Жаш журналисттер үчүн тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгүн түзүү;…
Студенттер Журналисттер союзунун ишмердүүлүгү менен таанышты
Бүгүн, 4-декабрда Журналисттер союзунун төрагасы Илязбек БалташевИ.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетинин студенттери жолугушуу өткөрдү.Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер менен журналистиканын келечеги, маалымат тармагындагы заманбап чакырыктар жана кесиптик жоопкерчилик тууралуу маанилүү маселелер талкууланды. Төрага өз сөзүндө журналистиканын коомдогу орду жана ролу тууралуу белгилеп, бул кесиптин негизги принциптери – чындык, адилеттүүлүк жана этика тууралуу кеңири айтып берди….





