Журналисттер союзу
Меню
  • Байланыш
  • Биз жөнүндө
  • Жаңылыктар
  • Журналисттер союзунун мүчөлөрү
  • Иш-чаралар
  • Максатыбыз
  • Мүчөлүккө өтүү
Меню

Журналисттер союзунун Этикалык Кеңеши түзүлдү.

Опубликовано в 25-Декабрь, 202425-Декабрь, 2024 от Журналистер союзу

Бүгүн 25-декабрда “Кыргыз Республикасынын Журналисттер союзу” коомдук бирикмесинин алдында журналисттердин “Этикалык Кеңеши” түзүлгөндүгүн маалымдайбыз.
Аталган Этикалык Кеңеш медиа чөйрөсүндө кесиптик жоопкерчиликти жана журналистиканын сапатын жогорулатууга, коомдук ишенимди арттырууга кызмат кылат.
Этикалык кеңештин негизги функциялары:
Коомчулуктун же медиа өкүлдөрүнүн кайрылууларынын негизинде журналисттик этиканын сакталышын камсыздоо.
Медиа чөйрөсүндөгү талаштуу учурларды чечүүдө көз карандысыз жана адилеттүү чечимдерди кабыл алуу.
Журналисттер үчүн этикалык принциптер боюнча тренингдерди, семинарларды жана дискуссияларды уюштуруу.
Массалык маалымат каражаттарында жарыяланган материалдардын этикалык ченемдерге шайкештигин байкоо.
Бул кеңештин түзүлүшү журналисттердин ишмердүүлүгүн кесиптик жактан өнүктүрүүгө жана коомдун медиага болгон ишенимин арттырууга чоң салым кошот.
Кеңешке медиа тармагындагы тажрыйбалуу адистер, журналисттер, коомдук ишмерлер кирет.
Этикалык кеңештин курамы:

  1. БАКЫТ ОРУНБЕКОВ — Журналисттер союзунун Этикалык Кеңешинин төрагасы, Кыргыз-Түрк Манас университетинин доценти.
    Мүчөлөрү:
  2. КУБАН ТААБАЛДИЕВ — Эл аралык Ала-Тоо университетинин профессору
  3. НАРЫН АЙЫП — 7-каналдын шеф-редактору
  4. КУБАТ ЧЕКИРОВ — “Кут билим” медиа борборунун директору
  5. ГҮЛЗАДА СТАНАЛИЕВА — Кыргыз-Түрк Манас университетинин доценти
  6. НУРДИН ДУЙШЕНБЕКОВ — Журналистер коомдук бирикмесинин төрагасы
  7. МЫРЗАКАТ ТЫНАЛИЕВ — Кыргыз Туусу гезитинин мурунку рекдактору
  8. АСКАР НАСИРДИНОВ — Адвокат, юрист
  9. МАЙРАШ БАЗЛАКУНОВА — “Базлакунова медиа” продакшн жетекчиси, эркин журналист
  10. АСКЕР САКЫБАЕВА — «GOVORI.TV» мультимедиалык маалымат агенттигинин башкы редактору
  11. ТУРГУНБАЙ АЛДАКУЛОВ — ОШМУнун коомчулук менен байланыш борборунун редактору
Рубрика: Без рубрики

Добавить комментарий Отменить ответ

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Актуалдуу

  • Түрк дүйнөсүн бириктирген эң чоң күч — бул тил жана маданият
  • Кыргызстан менен Түркиянын журналисттик уюмдары кызматташуу меморандумуна кол коюшту
  • (без названия)
  • (без названия)
  • Журналисттер союзунун Этикалык Кеңеши түзүлдү.

Соңку комментарии

Нет комментариев для просмотра.

Негизги тема

  • Түрк дүйнөсүн бириктирген эң чоң күч — бул тил жана маданият
  • Кыргызстан менен Түркиянын журналисттик уюмдары кызматташуу меморандумуна кол коюшту
  • (без названия)
  • (без названия)
  • Журналисттер союзунун Этикалык Кеңеши түзүлдү.

Company

  • Иш-чаралар

Links

Support

  • Documentation
  • Forums
  • Language Packs
  • Release Status
© 2026 Журналисттер союзу | На платформе Minimalist Blog Тема WordPress