Кыргыз Республикасынын Журналисттер союзу менен Түрк Дүйнөсү Журналисттер Федерациясы кызматташуу меморандумуна кол коюшту
2025-жылдын 21-июнунда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Журналисттер союзунун кеңсесинде маанилүү эл аралык жолугушуу болуп өттү. Анын алкагында Кыргыз Республикасынын Журналисттер союзунун төрагасы Илязбек Балташев жана Түрк Дүйнөсү Журналисттер Федерациясынын төрагасы Мендерес Демир кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшту.
Меморандум журналисттер ортосунда кесиптик байланыштарды чыңдоону, маалымат жана тажрыйба алмашууну, медиа тармагындагы окутууларды жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну камтыйт. Ошондой эле, тараптар эл аралык форумдарды, конференцияларды жана чыгармачыл жолугушууларды биргеликте өткөрүү демилгесин колдошту.
Бул документ түрк дүйнөсүндөгү медиа байланыштарын өнүктүрүүдө жаңы этап болуп саналат. Тараптар маалыматтык коопсуздук, сөз эркиндиги жана коомдук журналистиканын ролун бекемдөө боюнча да активдүү иш алып барууга даяр экендиктерин билдиришти.
Иш-чаранын жүрүшүндө тараптар эки элдин маданий жана руханий байланыштарын да белгилешип, бир тууган элдердин ортосундагы ынтымакты журналистика аркылуу чыңдоого салым кошо тургандарын белгилешти.
Түрк Дүйнөсү Журналисттер Федерациясы түрк тилдүү мамлекеттердин жана коомдордун журналисттерин бириктирген эл аралык уюм болуп саналат. Ал маалыматтык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана жалпы түрк дүйнөсүнүн үнүн бекемдөөгө багытталган.


